
Таласта 34 миллион сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткендиги боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Талас облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын, Сот департаментинин райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн жана “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери атайын жердин баасын төмөн көрсөтүү жолу менен “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын пайдалануусундагы мамлекеттин менчиги болгон 34 миллион сомдук 16,5 гектар жер аянтты жана ага таандык 1 көлмө кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке 874 миң 500 сомго сатып жиберишкендиги аныкталган.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.