УКМК "Хизб ут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидерине эл аралык издөө жарыялады

“Хизб ут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан "Хизб ут-Тахрир" уюмунун башчыларын жана жогорку кызматтагы функционерлерди нейтралдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлгөнүн билдирди.

"Аталган иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун лидерлери жана функционерлери кармалган, алардын арасында уюмдун учурдагы жана мурдагы лидерлери жана аймактардагы жооптуулары бар.

Кармалган адамдардын көрсөтмөсү менен “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү бир нече жылдан бери калктын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып, өлкө аймагында материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкендиги такталды", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКнын маалыматына ылайык, уюмдун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык региондорунда катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн, бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан.

"Жыл сайын "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 миллион сомго жакын каражат чогултулган. Жогорудагы иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н. аттуу тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунун Кыргызстандагы лидери болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө өлкө аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталды", - деп кошумчалады УКМК.

Ошондой эле жогоруда аталган каражаттар анын дарегине жөнөтүлгөн. Мындан улам УКМКнын колдо болгон материалдарынын алкагында Ю.Н. аттуу жаранга эл аралык издөө жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан