Министр Ниязбеков өлкө коопсуздук боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлгөнүн айтты

2020-жылга чейин өлкөбүз коопсуздук жаатында дүйнөдө 71-орунда турса, 2024-жылы 24-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Министрлик социалдык тармактагы баракчасына анын жыл жыйынтыгы боюнча берген маегин жарыялады. Анда Ниязбеков былтыр кылмыштуулуктун деңгээли 17 пайызга азайганын белгилеген.

"Былтыр ички иштер органдары тарабынан 35 миң 685 кылмыш иши козголгон. Бул бардык укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштердин 92,9 пайызын түзөт. 2024-жылы 27 миң 64 кылмыштын бети ачылып, кылмыш бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 70,3 пайызды түздү", - деген министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан