Эртең, 8-февралда Ош, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Билдирүүгө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Ал эми Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 суук, күндүз +4…+6 градус болот.