Жалал-Абад шаарында аялын өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-январда саат 9:30 чамасында милицияга облустук ооруканасы Таш-Булак айылынын 28 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калгандыгын кабарлаган. Факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Териштирүү иштерининде маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан. Ал эми дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалган.
Милициядан ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.