Танзиля Сатимова Жол фондунун директору болду

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору болуп Танзиля Сатимова дайындалды. Бул жөнүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев тааныштырды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Азиз Эсенов өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан