Коңшу Казакстандын Актөбө гарнизонунун Аскердик соту аскер кызматкерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн эки жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Актау шаарындагы №25744 аскер бөлүгүнүн 3-класстагы сержанты медициналык ротанын аймагын тазалап жатып жерден тамекинин калдыктарын таап алган. Ал аскерде кызмат өтөп жаткан эки жоокерди чакырып, ал калдыкты жедирген. Бир канча убакыттан кийин жоокерлердин бири сендвичке ууланганын айтып, фельдшердик-акушердик пунктка кайрылган.
Бир суткадан кийин уктап жаткан бөлмөдөгү тартипсиздикке нааразы болгон сержант кайрадан ошол эле катардагы эки жоокерди өзүнө чакырып, аларды сабаган.
Сотто сержант күнөөсүн моюнуна алган эмес. Бирок токмоктолгон жоокерлер ал тамеки калдыгын жедиргенин айтып, жазалоону суранган.
Сот сержантты күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле сержант жыл сайын 100 саатка мажбурлап иштөөгө милдеттендирилди.