
Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, сынак жогорку көркөмдүк деңгээлдеги музыкалык чыгарманы түзүү максатында өткөрүлүп, ал тарыхый мурасты, маданий салттарды жана кыргыз элинин улуттук биримдигин чагылдырышы керек.
Сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алышат. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-мартына чейин Маданият министрлигинин кеңсесинде кабыл алынат. Ошондой эле электрондук форматта gimn.2025@minculture.gov.kg. дарегине жөнөтсө болот.
Тандоо критерийлери:
- Салтанаттуулук, патриоттук дух жана эмоциялык тереңдик;
- Улуттук өзгөчөлүктү, маданий жана руханий салттарды чагылдыруу;
- Музыкалык гармония жана жеңил кабыл алынышы;
- Кыргыз адабий тилинин нормаларына шайкеш келиши.
Сынакка жаңы жазылган, ошондой эле мурда аткарылган же жарыяланган музыкалык чыгармалар катыша алат (автордук укуктар сакталышы керек). Ар бир катышуучу бир же бир нече вариантты сунуш кыла алат.
Гимндин узундугу:
- Толук версиясы – 3 мүнөттөн ашпашы керек
- Инструменталдык версиясы – 2 мүнөттөн ашпашы керек
Өтүнмөгө төмөнкү документтер кошулушу шарт:
- Катышуучунун же жамааттын жеке маалыматтары;
- Гимндин видеожазуусу же аудиожазуусу;
- Ноталык партитура;
- Гимндин кыргыз тилиндеги тексти;
- Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук.
Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта Маданият министрлиги бардык өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет. Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет. Экинчи этапта комиссия 15 иш күндүн ичинде чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч эмгекти Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт.
Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктар менен сыйланат:
- I орун – 1 500 000 сом жана диплом;
- II орун – 1 000 000 сом жана лауреат диплому;
- III орун – 500 000 сом жана лауреат диплому;
- IV жана V орундар үчүн атайын сыйлыктар – 250 000 сом.
Эгерде сынакка өтүнмөлөр жетиштүү деңгээлде түшпөсө же татыктуу чыгармалар болбосо, конкурс жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Ал эми сынактын ачык-айкын өтүшүн Маданият министрлиги камсыз кылат.