Руслан Татиков кызматынан кеткенин жарыялады

Руслан Татиков Facebook баракчасында финансы министринин орун басарлыгынан кеткенин билдирди.

"2006-жылы ноябрда Финансы министрлигинин босогосун аттап, алгач стажёр катары иштеп баштаган элем. Андан бери 18 жыл өтүптүр. Ушул жылдар аралыгында аталган министрликте баа жеткис тажрыйба топтодум. Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм. Ал эми ушул убакыт өз кезегинде мени чыныгы кесипкөй адис катары тарбиялады, чыйралтты.

Анткени эмгек жолумду аталган мекемеде эң жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп отуруп министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Билинбей үч жарым жыл ушул позицияда иш алып барыптырмын", - деп жазган ал.

Татиков министрликте чогуу иштешкен командасына ыраазы экенин кошумчалады.

Эске салсак, ал аталган кызмат ордуна 2021-жылдын августунда келген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан