УКМК Улуттук онкология борборунун дарыгерлерин кармады (видео)

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайымы К.А. дары-дармек каражаттарын системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатышкан деп шектелүүдө.

УКМК кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

УКМК 07.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан