Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу пункт иштей баштады.
Мэрия маалымдагандай, таштандыларды сорттоочу эко-аянтча санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.
Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт жана ага бардык шарттары бар өзүнчө бөлмө даярдалды. Анда 10 контейнер, бир видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, борбордук байланыш системалары кошулган. Ошондой эле таштанды контейнерлери жаан-чачындан коргоо үчүн атайын чатырдын астына коюлду.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай пункт курулуп жатат.