Украина Орусиянын Курск облусундагы Черкасская Конопелка жана Уланок конуштарына чабуул койду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдады.
"Душмандын бардык чабуулдары кайтарылды", - деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Контрчабуулдун мизин кайтаруу учурунда Украинанын куралдуу күчтөрү 200дөн ашуун адамын жоготкон. Мындан тышкары, сегиз танк, бир БТР жана 30дай аскердик брондолгон унаасынан айрылган.
Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусуна 2024-жылдын август айында басып кирип, андан бери аймакта салгылашуулар жүрүп жатат. 2024-жылдын декабрынын башында Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Смирновдун ордуна Александр Хинштейнди аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Түз эфир учурунда Путин орус аскерлери Курск аймагынан Украинанын куралдуу күчтөрүн сөзсүз толугу менен кууп чыгарын айткан.