Кыргызстан Гвинея-Бисау Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди түздү

Нью-Йорк шаарында Кыргызстан менен Гвинея-Бисау Республикасы ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Биргелешкен коммюникеге 6-февралда кыргыздын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Гвинея-Бисау Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Самба Санэ кол коюшту.

Биргелешкен коммюнике ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кол коюу аземинен кийин тараптар БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө биргелешкен ниетин билдиришти. Ошондой эле шайлануучу органдарга талапкерлерди өз ара колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан