Билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

"Токтом долбоорунун максаты жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо болуп саналат жана анын негизинде мамлекеттик орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасына алардын жүгүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жолу менен менен азайтуу болуп саналат.

Ваучердик каржылоо механизми каражаттар уюмдун жалпы муктаждыктарына эмес, түздөн-түз студенттерди окутууга жумшалат деп болжолдойт. Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо Баткен облусунда жайгашкан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жайылтылбайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан