Өкмөт дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоонун эрежелерин бекитти

Министрлер кабинети дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Бул токтом – ишке тартылган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жана дарыкана мекемелеринин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин жана штаттык санынын чегинде, ошондой эле ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын, жеке менчик формасындагы фармацевтикалык уюмдардын жана мамлекеттик ишканалардын жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Кабыл алынган эрежелерде фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ар түрдүү топторун сактоону уюштурууга карата коопсуздук талаптары белгиленет.

Эрежелердин талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргызстандын аймагында жайгашкан бардык фармацевтикалык уюмдарга (дарыканалар, дары каражаттарын даярдоого укугу бар кампалар) колдонулат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү тиркемеге кирсеңиздер болот.

Тиркеме.docx

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан