Садыр Жапаров IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, салтанаттуу ачылыш Харбин шаарындагы эл аралык көргөзмө борборунда өттү. Ага Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Брунейдин султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар катышты.

IX Азия Кышкы оюндарынын ачылыш аземинде Харбинди, Кытайды жана бүтүндөй Азияны камтыган символикалык саякат көрсөтүлдү. Программа кыш мезгилинин терең маданий маанисин чагылдырган "Жалындаган муз жана кар" сегменти менен башталды. Андан кийинки "Кыймылдагы ышкыбоздук" бөлүгү кышкы спорттун динамикасын жана өзүнө тарткан укмуштуудай духун ачып берет. Салтанат Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү бириктирип турган бекем байланыштарга арналган таасирдүү арноо - “Түбөлүк достук” менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун алты түрү: хоккей, керлинг, слалом, лыжа жарышы, биатлон жана көркөм муз тебүү боюнча 40 спортчу бар. IX Кышкы Азия оюндары 7-февралдан 14-февралга чейин Харбинде өтөт. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан