Министрлер кабинети Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын каржылоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Токтомго ылайык, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары (PhD/тармак боюнча докторантура, аспирантура (адъюнктура) боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо наркы күндүзгү окуу формасы боюнча бир аспирантка жылына 95 миң 800 сомду түзөт.
Мындан тышкары бул багыттагы кадрларды даярдоого жыл сайын 20 адамга квота бөлүнөт, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине – 15 адам; Улуттук илимдер академиясына – 5 адам деп белгиленген.
Бул токтомдун маанилүү аспектиси бюджеттик каражаттардын айкындуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, ошондой эле аспиранттарга алардын билим берүү жана изилдөө иштеринде колдоо көрсөтүү болуп саналат.