Бишкекте түндө үрөй учурган кырсык катталып, айдоочу өзүнө кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-февралда саат 22:20 чамасында 1995-жылы туулган П.А. аттуу жаран Хундай-Соната үлгүсүндөгү унаасы менен баратып жолдун четине токтоп турган, 1989-жылы туулган Э.Н. аттуу айдоочуга таандык Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаага жүк жүктөп жаткандарды артынан келип сүзүп алган.
Натыйжада Хундай-Портерге жүк жүктөп жаткан 1975-жылы туулган К.Т. аттуу жаран эки автоунаанын ортосунда калып, окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми Портердин Э.Н. денесинен жарат алып, №4 шаардык ооруканага жаткырылган.
Хундай-Сонатанын айдоочусу П.А. кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал колун күрөө тамырын бычак менен кесип, Манас жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу паркында эсин жоготуп жаткан жеринен табылып, бейтапканага жеткирилген. Бирок жараты кичине болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу мас абалда экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 4-бөлүгүнө (мас абалында жасалган жосундар) ылайык кылмыш иши козголду.
Хундай-Сонатанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда