АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдиргенин New York Post басылмасы жазды.
"Президент Трамп орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты", - деп жазат басылма.
Бирок Трамп качан сүйлөшкөнүн тактаган эмес жана Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы так жооп берген эмес.
Кремль бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.