Тышкы иштер министрлигинде кечээ, 8-февралда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуу учурунда кыргыз тарап Ханс Фарнхаммерге 7-февралда Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури тарабынан жасалган билдирүүдө фактылар туура эмес берилгенине таң калуусун жана макул эместигин билдирди. Кыргызстан комитет делегациясынын сапары жокко чыгарылбагандыгын түшүндүрдү. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан, аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган.
ТИМ бул маалымат ЖМКларда жарыялангандан кийин президент Садыр Жапаров Европа парламентинин делегациясын каалаган убакта Кыргызстанга сапары менен келүүгө жана өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен таанышууга чакыруу тапшырмасын бергенин маалымдады.
Буга чейин Мунир Сатури делегациянын 25-28-февралга белгиленген Бишкекке сапары болбой калганын, буга байланыштуу Кыргызстандын ТИМинен билдирүү келгенин билдирген. Бул чечим өкүнүч жаратарын жана күтүүсүз болгонун белгилеген.