Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, ал сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышып, глобалдык таасирдин күчөшү темасында панелдик сессияда сөз сүйлөйт. Ошондой эле саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.
Белгилей кетсек, “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” темасына арналган Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат. Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланат.