Бишкектеги Ак-Ордо конушунда турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 58 жаштагы бир эркек адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 14:45тен тартып Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүштү.
Буга чейин Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкканы кабарланган.