Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалымдалгандай, 20 жашка чейинки футболчулар Кытайда өтүп жаткан Азия кубогунда өлкө намысын коргойт.
Кыргыз курамасы "А" тайпасында 12-февралда Австралия менен беттешет. 15-февралда Кытай менен кез келсе, 18-февралда Катар менен таймашат.
Турнирде жалпы 16 команда күч сынашат. Мелдештин эң күчтүү 4 командасы 2025-жылы Чилиде өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.