
Өлкө аймагында соңку суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул боюнча ӨКМдин маалыматында жазылат.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 2, Чүйдө 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көлдө 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы болду.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.