Ким Чен Ын күтүүсүздөн Украинадагы согуш тууралуу жаңы билдирүү жасады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Украинадагы согуш тууралуу билдирүү жасап, АКШ менен бир катар Батыш өлкөлөрүн жаңжалды узартып, Орусиянын стратегиялык жактан жеңилүүсүнө аракет кылууда деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирүүсүндө Ким Чен Ын Пхеньян мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине ылайык, орус армиясынын жана элинин өз эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча ишин айныксыз колдой турганын белгиледи.

"Түндүк Корея армиясы жана эли ар дайым Орусиянын армиясынын жана элинин суверенитетин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоону кубаттайт", - деген ал.

Ким Чен Ындын айтымында, АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын аскердик альянсы, ошондой эле Корей жарым аралында жайгаштырылган АКШнын өзөктүк стратегиялык күчтөрү аймактагы тең салмактуулукту бузуп жатат.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея менен Орусия 2024-жылдын июнь айында "Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк" келишимине кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан