
"Ош" эл аралык аэропортунда учактардын конууларына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн, 10-февралда саат 07:40тан тартып киргизилген. Мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.
Мекеме кошумча маалымат берилерин кабарлады.