Жаңы министр Чечейбаев аны кызматы менен куттуктоого тыюу салды

Өткөн аптада саламаттыкты сактоо министри болуп бекиген Эркин Чечейбаев Facebook баракчасында кызматка дайындалышы менен куттуктап келүүгө тыюу салганын билдирди.

"Куттуктап келгенге тыюу салдым. Камчы менен калпактар жетиштүү. Убактыңызды баалаңыз", - деп жазган ал.

Эске салсак, 3-февралда Чечейбаевди аталган кызматка дайындоо боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Жогорку Кеңеш 5-февралдагы жыйынында анын талапкерлигин жактырган.

Чечейбаев Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна келди. Бейшеналиев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан