УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 9-февралда Бишкекте өткөн "Чемпион" тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө тасманы көрүп жатып бир нече жолу жашыганын айтты.
"Тасма мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Көрүп отуруп, тасма аягына чыккыча бир нече жолу жашып кеттим. Себеби бул тасма жаштарыбызды мамлекетибизди сүйүүгө, патриоттуулукка, мекенчилдикке, эмгекке үндөгөнүн баарыбыз көрдүк. Ошондой эле тасмада жаштарыбыз эмгекчилдик менен гана ийгиликке жетерин көрдүк", - деди Ташиев.
"Чемпион" тасмасы айылда футболду сүйгөн жаш балдар тууралуу тартылган. Анда алардын ийгиликке жетүү үчүн алдыдагы кыйынчылыктарды басып өткөнү баяндалат.