Сосновкада 38 жаштагы аялдын унаасынан баңгизат табылды 

Toyota Estima үлгүсүндөгү унаадан 1 килограмм 490 грамм гашиш жана 18 килограмм 135 грамм марихуана табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа кечээ, 9-февралда Сосновакадагы посттон токтотулуп, УКМК менен милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми унаанын ээси 38 жаштагы аял менен бирге 34 жана 44 жаштагы жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция шектүүлөр баңгизатты өлкөнүн түштүгүнөн алып келе жатышканын белгилеп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан