Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 10-февралада эртең менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Алай, А.Навои, Молдо Нияз, Закиров, Моминова көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, калаа башчысы шаардагы көчөлөрдү, аллеяларды кыдырып, талапка ылайык келтире тургандыгын билдирди.
Жеринде кызыл сызыкка чыгып кеткен, мыйзамсыз курулуштарды, тосмолорду алып салуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо боюнча тапшырмалар берилди.