Москва шаарында 7-февраль күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын төртүнчү кеңешмеси болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, профилдик комитеттин төрагасы Улан Примов жана Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышышты.
Кеңешмеде ЖККУга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын тышкы саясий координациялоого, ЖККУга мүчө мамлекеттердеги аскердик-саясий кырдаалга, мамлекеттердин ички иштерине чет өлкөлүк кийлигишүүгө каршы аракеттенүү тажрыйбасына байланышкан актуалдуу маселелер каралды.
Жыйында Улан Примов "Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантуу боюнча 2025-жылы ЖККУга Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктары жөнүндө" темасында баяндама жасады.
Анда ал 2025-жылы ЖККУ төрагалыгы Кыргыз Республикасына өткөндүгүн белгилеп, өлкөнүн уюмдун ролун жана аброюн жогорулатууга кызыкдарлыгын белгилеп өттү.
"Кыргыз Республикасы ЖККУга төрагалык кылуу боюнча өзүнүн артыкчылыктуу милдеттерин аткаруу менен мүчө мамлекеттер жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы саясий кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алууда. Аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту колдоого багытталган эл аралык уюмдар менен туруктуу диалогдорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат", - деген Примов.
Ошону менен катар Примов тематикалык моделдик мыйзам актыларын жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жолу менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселесине дагы токтолду.
Мындан тышкары ал миграция маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин жана миграциялык режимдин катуулашына Орусияда эмгектенген Кыргызстандын жарандары туш болуп жатканын билдирген.
"Кыргызстандын жарандары узак текшерүү процедуралары үчүн Орусияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. Мындан тышкары ушул жылдан баштап идентификациялоо жана аутентификациянын бирдиктүү системасына каттоону талап кылуу менен чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартибин күчөтүү пландаштырылууда" - деген Улан Примов.
Ошол эле учурда депутат ЕАЭБ аймагында жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Орусия тарап менен эки тараптуу форматта жана ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын Орусияга кирүү үчүн алдын ала каттоодон өтүүдөн бошотуу маселесин иштеп чыгууну сунуштаган.
Жогоруда аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен дагы жолугушуу өткөрүп, анда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкка байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулаган.