Шри-Ланкада маймыл трансформаторго кирип кетип, бүтүндөй өлкө 5 сааттай электр жарыгысыз отурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Өлкө боюнча электр жарыгы жекшемби күнү түштө өчүп, маселе саат 17:30да гана чечилген. Натыйжада өлкөдө миллиондогон адамдар 5 сааттан ашык электр жарыгысыз отурушкан.
Өлкөнүн энергетика министри Кумара Жаякоди бул өчүрүүгө маймылдын трансформаторго кирип кеткени себеп болгонун билдирген.
Бул окуя ансыз да кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан өлкөнүн энергетика системасы үчүн дагы бир сыноо болду.