Коңшу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин быйыл 9-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка катышууга чакырууну кабыл алды. Бул тууралуу Орусиянын Кытайдагы элчиси Игорь Моргулов "Россия 24" телеканалында билдирди.
"Өз кезегинде Си Цзиньпин чакырууну кабыл алып, президент Путинди кайра сентябрь айынын башында пландаштырылган майрамдык салтанатка Кытайга чакырды", - деп белгиледи элчи.
Өткөн жылдын октябрь айында Путин КМШ өлкөлөрү 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын чогуу белгилей турганын айткан. Ноябрда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Жеңиш майрамын Москвада белгилөө чакыруусун кабыл алган. Ал эми январь айында Бразилиянын президентинин басма сөз кызматы президент 2025-жылдын 9-Майында Орусиянын борборунда өтө турган майрамдык иш-чараларга катышарын билдирген.