Литванын президенти Орусия жана Ленин боюнча кызыктай билдирүү жасады

Литванын президенти Гитанас Науседа өлкө БРЕЛЛден ажыратылып жатканда Орусия жана Ленин менен коштошту. Андагы видеону Литванын президенти социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Литвалык саясатчы англис тилиндеги видеодо "Кош бол, Орусия. Кош бол, Ленин" деди.

Президент бул сөзүнүн мааниси боюнча түшүндүрмө берген эмес.

БРЕЛЛ – бул Орусия, Беларус жана Прибалтика өлкөлөрүнүн жалпы энергетикалык системасы болчу. 9-февралда Латвия, Литва жана Эстония бул системадан чыгып, Польша аркылуу европалык системага кошулушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан