Дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович Кыргызстанда түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшүп, ал үчүн эң сүйүктүү жер экенин билдирди.
"Кыргызстан – апамдын туулган кичи мекени, менин эң сүйүктүү жерим. Сентябрь айындагы элестер менин жүрөгүмдө сакталат. Кыргыз мамлекеттик симфониялык оркестрине, маэстро Рахат Осмоналиевге жана менин музыка тармагындагы досторума анын ичинде: Михаил Казиникке, пианист Хелен Мерсьеге биздин эки күндүк концертибизди унутулгус кылып өткөргөнү үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Элдин колдоосу, музыкага болгон сүйүүсү бул сапарымды өзгөчө кылды. Кыргызстан – маданиятты, жаратылышты баалаган өлкө. Жүрөгүмө түбөлүк сактап, кубаныч менен кайра келе турган жер", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапаровага жана өзүнүн апасына ыраазычылыгын билдирип өткөн.