Ош шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочуга 21 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жол тескөөчүлөрдүн көзүнчө атайылап унаасын катуу чимире айдаган. Айдоочу ошол замат кармалып, ага автоээнбаштык жасагандыгы жана кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алгандыгы үчүн айып пул салынган.
ЖКККББ унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.