Кызыл-Кыяда соттон качып жүргөн жигит Оштон кармалды

Кызыл-Кыя шаарында уурулук иши боюнча айыпталып, сотко чакырылгандан кийин изин жашырып кеткен жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь айында белгисиз жаран Кызыл-Кыя шаарындагы автобекетте токтоп турган автоунаанын ичинен 14 миң сом акчасын уурдап, изин жашырып кеткендиги боюнча Ош облусунун Араван районунун тургуну арыз менен милицияга кайрылган.

Бул арыз боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен иш козголгон.

Иликтөө иштеринде кылмышка шектүү Ноокат районунун 18 жаштагы тургуну П.Ж. экендиги аныкталып, кармалган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында П.Ж. иш боюнча айыпкер деп табылган.

Бирок кылмыш иши соттук териштирүү учурунда айыпталуучу соттук териштирүүгө келбей, изин жашырып кеткен.

Мындан улам Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан айыпталуучуга издөө иши ачылып, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам-кызматкерлери тарабынан кечээ, 9-февраль күнү издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган П.Ж аттуу жаранды Ош шаарынан аныктап, кармаган.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан