“Ала-Тоо” эл аралык университетине жаңы ректор дайындалды

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин ректору болуп Назира Эсеналиева дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, буга чейин ректорлук кызматты Жылдызбек Жакшылыков аркалаган.

Назира Эсеналиева экономика илимдеринин кандидаты, АЭУда 2014-жылдан бери профессор катары эмгектенип келген. Ал 2018-2023-жылдар аралыгында АЭУнун илим департаментинин директору болгон. Академиялык ишмердүүлүгүнөн тышкары эл аралык билим берүү жана социалдык долбоорлорго активдүү катышып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан