Таң эрте Ошто асманга ок аткан жаран кармалды

Ош шаарындагы "Эне Сай" ресторанынын алдында Lexus LX 570 унаасынын ээси ок чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.

Маалымдагандай, милицияга бүгүн, 10-февралда саат 05:05 чамасында асманга ок атылганы боюнча билдирүү түшкөн. Шектүү делип 25 жаштагы жаран жол тескөөчүлөр тарабынан кармалган. Ал травматикалык тапанчадан ок чыгарганы аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан