Финляндия Орусиянын элчисин чакыртып, учагы аба мейкиндигин бузганы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык учактын Финляндиянын аба мейкиндигин бузганы тууралуу кабардан кийин 10-февралда Орусиянын Хельсинкидеги элчисин чакырды. Бул тууралуу мекеме X (Twitter) социалдык тармагында билдиргенин "Европейская правда" жазды.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги орус элчисин чакырып, "аба мейкиндигинин бузулушуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды" деп айтылат кыска билдирүүдө.

Финляндиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 7-февралда Финляндия булуңунун үстүнөн учуп бара жаткан Орусиянын өкмөттүк учагы Финляндиянын аба мейкиндигине бир нече мүнөткө кирип кеткен болушу мүмкүн.

Учурда Финляндиянын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан