Чолпон-Атада чеберканада өрт чыгып, тиричилик буюмдары күйүп кетти (видео)

Чолпон-Ата шаарындагы чеберканадан өрт чыгып, тиричилик буюмдары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 11-февралда тараткан маалыматта жазылат.
Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, ал саат 07:45те толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн чеберкана (мастерской), укалоо салону, үй эмеректери, төшөктөр, матрастар, 2 газ плита, 1 телевизор, 1 автомат кир жуугуч машина күйгөн.
Өрттөн жабыркагандар жок, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.
11.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан