АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү палестиналык ХАМАС кыймылынан ишемби күнү түшкө чейин бардык барымтадагыларды бошотууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ал ХАМАС Газа тилкесинде кармаган барымтадагы израилдиктердин баарын ишемби күнү түшкө чейин бошотпосо, Израил менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишиминен баш тартуу керектигин айтты, бирок бул Израил кабыл ала турган чечим экенин белгиледи.
"Эгер алар ишемби күнү саат 12:00гө чейин кайтып келишпесе, менимче, мунун баарын токтотууга убакыт келди. Андан кийин мен чыныгы тозок башталат деп айтар элем", - деди ал.