Түркиянын Бодрум аймагына Эгей деңизинде уланып жаткан жер титирөөлөрдөн улам мүмкүн болуучу цунамилерди эскертүү үчүн сирена системасы орнотулду. Бул тууралуу Түркиянын NTV Haber телеканалы билдирди.
Аймакка ар башка облустардан AFAD топтору келишти. Сеферихисар, Дидим жана Датча жээк аймактарында да жарандарга эскертүү системасы орнотулду.
Эгей деңизинде январдын аягынан бери жер титирөө уланууда. Жер титирөөнү өзгөчө Грециянын Санторини аралынын тургундары сезишүүдө. Акыркы жуманын ичинде аралдын 15 миң тургунунун 13 миңи аралды таштап кеткен.
Жер титирөөлөр Түркиянын жээктерине эң жакын жерде 140 чакырым алыстыкта болгон. Анда жер титирөө суу астындагы Колумбо жанар тоосунун аймагында катталган.