Орусиялык мушкер Руслан Крайнов Краснодардагы ок атуудан кийин бир көзүнөн ажырады. 29 жаштагы спортчуну азыр татаал операция күтүп турганын Nart мушташ клубу социалдык тармактарда билдирди.
Окуя 9-февралга караган түнү Зиповская көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдун жанында болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол убакта Крайнов күзөтчү катары нөөмөттө турган. Аны менен 32 жаштагы жаран жаңжалдаша кетип, ал Крайновду атып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Көп өтпөй унаа МАИ постунан токтотулган. Анда кол салган адам жана айдоочу кармалган. Ок аткан адам Чеченстандын 32 жаштагы тургуну болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардан травматикалык тапанча, бир магазин жана 18 даана ок алынган.
Эми Крайновго оор операция жасалат жана анын бир көзү алынат.
29 жаштагы Руслан Крайнов карьерасында жалпы 6 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.