Бишкекте 34 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу былтыр 10-декабрда Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен 15 миң сомдук велосипедин уурдатып жибергенин айткан.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Б.В. аттуу жаран кармалган.
Ага Ленин райондук соту тарабынан электрондук көзөмөл (браслет) түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы бир кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Тергөө иштери уланууда.