27-февралдан баштап Бишкек-Нячанг (Вьетнам) багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме маалымдагандай, каттам жумасына үч жолу «Аэрономад» авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.