Бүгүн, 11-февралда белгилүү Голливуд актрисасы Женнифер Энистон 56 жашка толду. Ал 1969-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Шерман-Окс шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Женнифер 11 жашында эле Рудольф Штайнер атындагы драма мектебине, андан кийин Нью-Йорктогу актёрдук мектепке тапшырган.
1990-жылы Энистон Голливудга көчүп кетип, көп өтпөй Molloy сериалында өзүнүн биринчи теле ролун аткарган. Бирок ага чыныгы атактуулукту NBC телеканалынын жаңы "Достор" сериалы алып келген. Анда актриса баш каарман Рэйчел Гриндин ролун 10 жыл бою (1994−2004) аткарган. Популярдуу телешоу Женнифер Энистон үчүн жашоого жана актёрдук кесипке жол болуп берген.
Бул ролу менен "Эмми", "Алтын глобус" сыйлыктарына да арзыган.
"Достор" сериалын тартып бүткөндөн кийин Женнифер Энистондун карьерасы дагы тездик менен өнүгүп, ар кандай тасмалардагы ролдорго чакырууларды алып, айрым учурларда кадимки комедиялык образынан алыстай баштайт. 2005-жылы "Чыккынчылыктын баасы" триллериндеги башкы ролдордун бирин ойногон. Продюсердик компанияны негиздеген Энистон кээ бир тасмаларын өзү тарта баштайт.
Энистондун Голливуддагы Даңк аллеясында да жылдызы бар.
"Forbes" журналынын маалыматы боюнча, "Достор" тасмасындагы башкы актёрлордун ар бири 400 миллион доллардын тегерегинде киреше табышкан. Андан кийин дагы актрисага миллиондорду алып келген бир канча ийгиликтүү долбоорлору болгон. Энистон учурда Голливуддагы эң бай актрисалардын катарын толуктайт.
Женнифердин драмалык жана комедиялык ролдорду кыйынчылыксыз аткарышы, каалаган каарманга айлануу жөндөмү аны азыркы замандын эң көп кырдуу жана суроо-талапка ээ актрисаларынын бирине айлантты. Анын көрүнүктүү долбоорлорго катышуусу, ошондой эле бир катар сыйлыктар жана номинациялар анын өзгөчө талантын, кесипкөйлүгүн көрсөтүп турат десек болот.
Женнифер Энистон актёрлуктан тышкары өзүнүн табигый сулуулугу менен көпчүлүктү суктандырат. Актриса экрандарда пайда болгондон бери дээрлик өзгөргөн эмес. Дене түзүлүшүн жана сулуулугун сактоодо спорт чоң жардамчы экенин айтып, сергек жашоо образын жигердүү пропагандалап келет. Актриса жумасына 5-6 күн спорт залда болот.
Женнифер Энистон талант, стиль жана адамгерчилик биригип, идеалдуу Голливуд жылдызын жарата аларын көрсөткөн эң сонун мисал. Анын карьерасы ийгиликке жана коомчулуктун сүйүүсүнө толгон.