Бейөкмөт уюмдар Трамптын планына каршылыгын билдиришти

АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесинен палестиналыктарды көчүрүү сунушуна 110дон ашык бейөкмөт уюмдар каршы чыгышты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, америкалык укук коргоо, кайрымдуулук жана диний уюмдары менен палестиналык гуманитардык коомдор Газанын жергиликтүү тургундарын аймактан мажбурлап көчүрүү боюнча айтылган ар кандай чакырыктарга каршы экендиктерин билдиришкен. Алар мындай кадам этникалык тазалоого жатарын, Трамптын палестиналыктардан Газа тилкесин таштап кетүүнү талап кылууга укугу жок экенин белгилешкен.

Белгилей кетсек, Трамп Газанын тургундарын башка араб өлкөлөрүнө көчүрүүнү сунуштап келет. Ал аймак жашоого жараксыз болуп калганын, аны кайрадан куруу керектигин айтууда. Ошондой эле АКШ лидери тилкени сатып алууга даяр экенин да кайталап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан