Футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз улуттук курамасы эртең, 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына катышат.
Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы "А" тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөт.
Кыргызстандын курамасы биринчи оюнун 12-февралда Австралия курамасына каршы өткөрөт, андан соң 15-февралда турнирдин кожоюну болгон Кытай курамасы менен кез келет. Тайпалык оюнду 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.
Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки командасы плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.