Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, изөөдөгү 1965-жылы туулган А.К. аттуу чет элдик жаран "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагындагы видео байкоолордун жардамы менен аныкталган. Ал Бишкек шаарынын ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Ал адам өлтүрүү, адам уурдоо, опузалап талап кылуу, мыйзамсыз курал-жарак сактагандыгы үчүн чет өлкөдө бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда анын Кыргызстандын аймагында башка кылмыш фактыларына тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан